- Институттар
- Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
«КАЛЕНДАРДЫК-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНДА ПЛАНДАШТЫРЫЛГАН САБАКТАРДЫН ПЛАН-КОНСПЕКТИЛЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА САБАКТАРДЫ ӨТҮҮ» ТЕМАСЫНДА ОНЛАЙН-ВЕБИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери 2025-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин кесиптик-профилдик практикасын өтөө мезгилинде пландалган жумуш ордунда окутуу планынын алкагында онлайн-вебинарга катышышты. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу М. Нурматова “Календардык-тематикалык планда пландаштырылган сабактардын план-конспектилерин иштеп чыгуу жана сабактарды өтүү” темасында вебинар өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө практиканттар сабактын максаттарын SMART критерийлерине ылайык коюуну талдап, Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн, ошондой эле окуу программасынан күтүлүүчү натыйжалардын мазмунун талкуулашты. Мектептерде сабактар 5Е моделинин негизинде пландалып жаткандыктан, анын структурасы жана план-конспект жазуу боюнча активдүү талкуу жүргүзүлдү. Мындан тышкары, максатка жетүүгө көмөк көрсөтүүчү каражаттарды, калыптандыруучу баалоо техникаларын, натыйжалуу методдорду тандоо жана компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүн аныктоо маселелери талданды. Практиканын жыйынтыгында практиканттарга бул багыттагы темаларды өз алдынча изилдөө жана иштелмелерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.