1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

16

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 25-сентябрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттерине кесиптик-профилдик практиканы өтөө боюнча багыт берүүчү конференция уюштурулду жана ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференция практикаларды уюштуруу үчүн жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Конференцияда студенттерге практиканын максаты, милдеттери тааныштырылып, жол картасы жана күндөлүк менен иш жүргүзүү боюнча түшундүрмө берилди, ошондой эле практика учурунда жумуш ордунда окутуунун планы, аларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү жана жолдору белгиленди.