1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИНЕ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 25-сентябрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин Мс-1-21 тайпасынын студенттерине кесиптик-профилдик практиканы өтөө боюнча багыт берүүчү конференция уюштурулду жана ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференция практикаларды уюштуруу үчүн жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедраcsнын улук окутуучусу Нурматова М.Н. тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Конференцияда студенттерге практиканын максаты, милдеттери тааныштырылып, жол картасы жана күндөлүк менен иш жүргүзүү боюнча түшүндүрмө берилди. Иш-чарага илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жолдошалиева Н.С. катышты, ал студенттерге кесипкөй адис болууга чоң таасирин тийгизчү практиканы өтөө алдында тургандыгын, практиканы өтүү тартибин, отчеттуулукка талап кылынуучу документтер боюнча кеңири түшүндүрмө берди.