1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 18-сентябрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттарына илимий-педагогикалык практикага багыт берүүчү конференция уюштурулду жана ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференция практикаларды уюштуруу үчүн жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чарага илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жолдошалиева Н.С. катышты. Конференцияда магистранттарга практиканын максаты, милдеттери, жол картасы жана күндөлүк тууралуу кеңири маалымат берилди, ошондой эле практиканын өзгөчөлүктөрү белгиленди.