- Институттар
- Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯНЫН АЛДЫН АЛА КОРГООСУ БОЛУП ӨТТҮ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. 2025-жылдын 9-сентябрында «Тең салмак абалынын туруктуулугу алмашканда автономдук сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикасы» темасындагы кандидаттык диссертациясынын алдын ала коргоосун ийгиликтүү өттү. Иш ф.-м.и.д., профессор К. С. Алыбаевдин жетекчилиги астында даярдалган. Алдын ала коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтундагы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги Д 01.24.701 диссертациялык кеңешинде болуп өттү.