- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Иш берүүчүлөрдүн пикири боюнча ЖАМУ туруктуу өнүгүү жолунда

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын иш берүүчүлөр менен жолугушуусунда Сузак районуна караштуу №11 М. Орозалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Азимов Кумарбек Рысмаматович менен маектешүү болуп өттү. Кумарбек Рысмаматович маектешүү учурунда төмөндөгү суроолорго жооп берди:
- Сиздин ЖАМУ жөнүндө маалыматыңыз барбы?
-Ооба менин ЖАМУ боюнча маалыматым бар. Өзүм ушул окуу жайдын математика адистигин 2004 жылы аяктагамын. ЖАМУнун Жогорку математика кафедрасында үч жыл эмгектенгемин. ЖАМУда болуп жаткан жаңылыктарга кубанып, өнүгүүсүн көрүп турабыз.
-ЖАМУдан барган практиканттардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырабы?
- Билими күчтүү студенттер, билими жакшы, билими орто да студенттер барышат. Жалпысынан алганда студенттердин билимдери жакшы.
-ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?
- Эгерде ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү барган жеринде жакшы иш алып барып, ийгиликтерге жетишип жатса, Университет өзүнүн койгон максатына жетишти деп эсептейм. ЖАМУ келечекте эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктайт деп толугу менен ишенем.