1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

37

1

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профили (бакалавриат) боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программасы ата-энелерге тааныштырылды.

Иш-чарада билим берүү программасынын түзүлүшү, калыптануучу компетенциялар, мазмуну, нормативдик-укуктук негиздер жана тиркемелер боюнча кеңири маалымат берди.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана ата-энелер  ортосунда активдүү талкуу жүрүп, суроолор жана сунуштар айтылды. Иш-чара студенттердин кесиптик багыттагы билимдерин тереңдетүүгө, негизги билим берүү программасы боюнча маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болду.