- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Магистранттардын алдын-ала коргоосу: илимий изденүүгө болгон олуттуу кадам

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ФМББ(М)маг-1-23 тайпасынын магистранттары магистрдик диссертацияларынын алдын-ала коргоону ийгиликтүү өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир магистрант өзүнүн илимий изилдөөсүнүн актуалдуулугун, максатын, милдеттерин, изилдөө объектиси менен предметин так баяндап, иштин мазмуну жана негизги жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат беришти.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы магистранттардын презентацияларын талдап чыгып, алардын структурасына, логикалык ырааттуулугуна, мазмунунун так берилишине жана презентациянын дизайнына байланыштуу сунуш-пикирлерин беришти. Бул сунуштар ар бир магистрантка ишти мындан ары өркүндөтүүдө багыт болуп берет.
Бул алдын-ала коргоо магистрдик диссертацияларды жогорку сапатта коргоо багытында маанилүү тажрыйба болуп саналат.