1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

55

1

МЕНИН КЕСИБИМ-МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ» СЫНАГЫИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

2025-жылдын 2-июнь күнү Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын бүтүрүүчү курстардын студенттери «Менин кесибим – менин келечегим» аттуу сынакка катышып, байгелүү 3-орунду ээлешти.

Сынак Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенттеринин бүтүрүүчү тайпаларынын арасында өз алдынча кесиптик ишмердүүлүккө болгон мотивацияны жогорулатуу, келечектеги кесибине туруктуу кызыгууну калыптандыруу, кесиптик жана карьералык өсүшүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Сынактын  максаты – студенттердин изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгүнө карата өз алдынчалыкты, инициативалуулукту жана таанып билүү кызыкчылыктарын калыптандыруу.

Сынактын милдеттери: 

-        кесиптик өзүн-өзү таанууну стимулдаштыруу;

-         жеке жана жамааттык илимий чыгармачылыкты өнүктүрүү;

-         карьералык өсүү мотивациясын жогорулатуу,

-        кесиптик милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты колдонуу, кесиптик жана инсандык өнүгүү;

-         карьералык өсүүнү  жана келечектеги кесипке кызыгууну калыптандыруу.

Сынакка Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин төмөндөгү тайпалары катышты:

1.     БАС багытынын бүтүрүүчү тайпасы;

2.     Педагогика багытынын бүтүрүүчү тайпасы;

3.     Математика профилинин бүтүрүүчү тайпасы;

4.     Информатика профилинин бүтүрүүчү тайпасы;

5.     Физика профилинин бүтүрүүчү тайпасы;

6.     Тарых профилинин бүтүрүүчү тайпасы.

         Сынактын шарттары:

1.     Саламдашуу. “Кесибим менен даңктанам” аттуу келечектеги кесиби тууралуу презентация жасоо. Ар бир адистик өздөрүнүн келечекте иштей турган кесибинин престижи, артыкчылыгы тууралуу маалымат берет (5 минутага чейин). 

2.     Адистиктер тууралуу видеороликтердин. Сынак өткөрүлгөнгө чейин адистик тууралуу 1 минуталык видеоролик тартылып социалдык тармактарга жайгаштырылды. Ал видеороликти көрүп, ага пикир калтырган жана лайк баскандардын санынын көптүгүнө карата бааланды.

3.      “Мен таасирленген инсан”. Адистерде белгилүү болгон окумуштуулардын, белгилүү инсандардын бейнесин ачып беришти. Инсценировка, музыкалаштыруу, ролдорду аткаруу менен коштолот (5 минутага чейин).

4.     “Улутум менен даңктанам, уңгу жол менен уланам”. Окутуучулар менен биргеликте улуттук каада-салт, элдик баалуулуктар даңазаланды. Кыргыздын бир каада-салты, салт-санаасы көрсөтүлөт (5-7 минутага чейин).

5.     “Кош жылдыз болуп жанабыз”.  Студенттер менен окутуучулардын биргелешкен  элдик же заманбап ырды аткарыты (3-5минутага чейин).

Сынакты баалоо үчүн атайын калыстар тобу чакырылды.

Жыйынтыгында, тарых профилинин бүтүрүүчү тайпасы 1-орун, Физика жана информатика профилинин бүтүрүүчү тайпасы 2-орун жана Математика  профилинин бүтүрүүчү тайпасы 3-орунга ээ болушту.