1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

94

1

Студенттерге негизги билим берүү программасы тааныштырылды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профили (бакалавриат) боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программасы студенттерге тааныштырылды.

Иш-чарада кафедранын улук окутуучусу М.Н. Нурматова билим берүү программасынын түзүлүшү, калыптануучу компетенциялар, мазмуну, нормативдик-укуктук негиздер жана тиркемелер боюнча кеңири маалымат берди.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин ортосунда активдүү талкуу жүрүп, суроолор жана сунуштар айтылды. Иш-чара студенттердин кесиптик багыттагы билимдерин тереңдетүүгө, негизги билим берүү программасы боюнча маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болду.