- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Студенттердин өз алдынча иштери талкууланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында ФМББ(М)-1-23 группаларынын студенттери тарабынан даярдалган «Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы» сабагы боюнча өз алдынча иштердин талкуусу болуп өттү. Бул иш-чараны кафедранын улук окутуучусу М.Н.Нурматова уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин өз алдынча өздөштүргөн билимдерин башкалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, талкуу аркылуу тереңирээк түшүнүк берүү жана кайтарым байланыш аркылуу билим сапатын жогорулатуу болду.
Талкуу учурунда студенттер силлабуста көрсөтүлгөн темалар боюнча өз алдынча даярдаган иштери менен бөлүшүп, бири-бирине пикир айтып, талкуу жүргүзүштү. Бул иш-чара студенттердин педагогикалык жана методикалык даярдыктарын бекемдөөгө, ошондой эле орто мектепте математика сабагын окутууда пайда боло турган маселелерди талдоого арналган маанилүү диалог аянтчасы болуп кызмат кылды.
Ар бир катышуучу өз ишинин мазмунун айтып берип, ага карата суроолор, ойлор жана сунуштар айтылды. Иш-чара коюлган максатка толук жетип, студенттердин активдүүлүгүн арттырып, билим берүү процессине болгон кызыгуусун күчөттү.