1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

1

Эл аралык академиялык кызматташтык – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү механизми

550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын “Математика” профили (магистрдик программа) боюнча кафедранын профессордук-окутуучулук курамынан турган жумушчу топтун мүчөлөрү: ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев, А.М.Джураев, ага окутуучу М.Н.Нурматова жана кафедра башчысынын милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова тарабынан иштелип чыккан негизги билим берүү программасы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында түзүлүп, ал Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарындагы Абу Райхон Беруни атындагы Ургенч мамлекеттик университетинин колдонмо математика жана математикалык физика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте талкууланды.

Бул иш-чара академиялык интеграцияны өнүктүрүү жана билим берүү программаларынын сапатын эл аралык деңгээлде салыштырып анализдөө максатын көздөдү. Талкуунун жүрүшүндө аталган окуу программасы физика-математика илимдеринин доктору, профессор Б.А. Бабажанов тарабынан жогорку баага ээ болуп, анын мазмуну жана түзүмү заманбап талаптарга жооп берет деген оң пикир берилди.

Талкууга кафедранын ага окутуучусу Шарапов С.Т. катышып, алардын пикир, сунуштарын угуп келди. Бул кызматташтык жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы интеграциялык процесстерди чыңдоого багытталган кадам катары каралууда.