- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
НББП Абу Райхон Беруни атындагы УМУда талкууланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы өзүнүн билим берүү тармагындагы аракеттерин аймактык гана эмес, эл аралык деңгээлге чыгарууну улантууда.
Жакында аталган кафедра тарабынан 550200 – Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин бакалавриат программасы боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программа Өзбекстан Республикасынын Ургенч шаарындагы Абу Райхон Беруни атындагы Ургенч мамлекеттик университетинин колдонмо математика жана математикалык физика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен талкууланды.
Колдонмо математика жана математикалык физика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Б.А. Бабажанов аталган окуу программасына өзүнүн оң пикирин билдирип, жогорку баасын берди.
Талкууга ошондой эле кафедранын ага окутуучусу Шарапов С.Т. активдүү катышып, пикирлерин ортого салды. Бул кызматташтык эки тараптын тең сапаттуу билим берүүгө жана илимий интеграцияга умтулуп жатканын айкын далилдеп турат.