1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

70

1

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУ

2025-жылдын 26-31-май күндөрү математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу С.Т.Шараповдун жетекчилиги менен 2-3-курстардын студенттеринен түзүлгөн олимпиадалык топ (3-курстун студенттери Асанбай кызы Кенжегүл, Тамчиева Айназик жана 2-курстун студенттери Абдыгапарова Гүлайша, Абдуллаева Назгүл) Өзбекстан республикасынын Ургенч мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган III Аль-Хорезми эл аралык математикалык олимпиадасына (AKHIMO) ийгиликтүү катышып келишти. Эл аралык олимпиадага 50 дөн ашык өлкөдөн 100 олимпиадалык топ катышты. Олимпиаданын миссиясы интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу жана студенттерди STEM билимин улантууга шыктандыруу болуп саналат.

AKHIMO студенттердин чыгармачылык таланттарын жана изилдөө кызыкчылыктарын аныктоого жана өнүктүрүүгө, ошол эле учурда ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар арасында эл аралык тармакты жана маданияттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Кошумчалай кетсек, анда Мухаммед Аль-Хорезминин фундаменталдык илимдерге кошкон зор салымы белгиленет. AKHIMOнун негизги максаты - студенттерди так илимдер менен терең аралашууга жана алардын эл аралык кызматташуусун кеңейтүүгө түрткү берүү, ошону менен бирге Борбордук Азиянын, өзгөчө Өзбекстандын илимий мурастарын изилдөө.

Олимпиаданын алгачкы ачылыш аземи 2018-жылдын 26-31-октябрында Ургенч мамлекеттик университетинде болуп өткөн, ага 58 университеттин, анын ичинде 20 өлкөдөн 35 мекеменин командалары катышты. Экинчи олимпиада 2023-жылдын 23-29-октябрында Каракалпак мамлекеттик университетинде 14 өлкөнүн 40 университетинин катышуусунда өткөн.