1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

1

СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН МАГИСТРАНТТАРЫНЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 7-апрелинен 3-майына чейин илимий-изилдөө практикасынан өтүштү. Аталган практиканын жыйынтыгында магистранттардын отчеттору кабыл алынып, жыйынтыктоочу онлайн-конференция өткөрүлдү.

Онлайн-конференция учурунда магистранттар илимий-изилдөө практикасынын максаттарына ылайык жүргүзгөн иштери тууралуу кыскача баяндамалар менен чыгышты. Ар бир магистрант өзүнүн изилдөө багыты боюнча аткарган иштерин жана магистрдик диссертациясынын мазмунуна байланыштуу негизги аспектилерди чагылдырды.

Магистранттардын бири (Маруфов О.) “Уметовдук окуулар” илимий-практикалык конференциясында баяндама жасагандыгын, ошондой эле макаласы “ЖАМУнун жарчысы” журналына басмага берилгендигин белгиледи. Калган магистранттар бул практика учурунда изилдөө иштери боюнча тиешелүү адабияттарды чогултуп, теманын актуалдуулугун, максатын жана милдеттерин аныктап, илимий жетекчилеринин жардамы менен иш планын түзгөндүктөрүн маалымдашты.

Магистранттар бул практика изилдөө темасынын үстүндө иш жүргүзүүнүн алгачкы этабы катары чоң мааниге ээ болгондугун, теманын маңызын аныктоого жана изилдөөгө багыт түзгөнүн белгилешти.

Онлайн-конференциянын жүрүшүндө отчеттор талкууланып, магистранттар бири-бири менен, жетекчилер менен пикир алмашуу болуп, андан-ары изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.