- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
ИЛИМИЙ СЕМИНАРДА БАЯНДАМА ЖАСАЛДЫ

2025-жылдын 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда академик А.А. Борубаев жетектеген кезектеги илимий семинар өттү. Семинардын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын изденүүчүсү Нурматова Майрамгүл Нарбековна илимий баяндама жасады. Анын илимий жетекчиси — физика-математика илимдеринин доктору, профессор Курманбек Сарманович Алыбаев.
Баяндаманын темасы: «Тең салмактуулук абалдын туруктуулугу алмашканда автономдук сингулярдык козголгон теңдемелердин чыгырылыштарынын асимптотикасы».
Семинарга академик А.А. Борубаев, профессорлор А.Б. Байзаков, П.С.Панков, А.А. Асанов, М. Асанкулова жана башка белгилүү математик-илимпоздор катышты. Баяндаманын мазмуну боюнча суроо-жооптор жүрүп, бир катар оң жана конструктивдүү сунуштар берилди.
Академик А.А. Борубаев, профессорлор А.Б. Байзаков жана П.С. Панков алынган жыйынтыктарды жогору баалап, баяндаманын илимий жаңылыгын жана практикалык маанилүүлүгүн белгилешти.