1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

1

ФЕРГАНАДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу, ф.-м.и.д., профессор К.С.Алыбаевдин аспиранты Эрматали уулу Баяман 2025-жылдын 16-17-майында Өзбекстан Республикасынын В.И.Романовский атындагы математика институту жана Фергана мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган Фергана шаарында өткөн “Дифференциалдык теңдемелердин жана математиканын бөлүмдөрүнүн учурдагы маселелери” аталышындагы илимий конференцияга онлайн катышты.

Конференцияга Россия, Болгария, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан өкүлдөр катышты. Эрматали уулу Баяман “Колдонмо математика жана информатика” секциясында “Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдерин сплайн ыкмасы менен табууда MATLAB программасынын колдонунулушу” жана “Экинчи тартиптеги ийрилерди MATLAB программасынын жардамында каноникалык түргө келтирүү”  темаларында баяндама жасады.