1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

93

1

Иррационалдык теңдемелерди чыгарууну окутуунун эффективдүү ыкмалары: ачык сабакта сынчыл ой жүгүртүү технологиясын жана санариптик ресурстарды колдонуу тажрыйбасы

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 2024–2025-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгындагы ачык сабактардын графигине ылайык, 2025-жылдын 21-апрелинде ага окутуучу М.Н.Нурматова тарабынан ФМББ(М)-1-23 тайпасына «Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы» дисциплинасы боюнча «Иррационалдык теңдемелерди чыгарууну окутуу» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Сабакта сынчыл ой жүгүртүү технологиясына негизделген илгерилетилген лекция ыкмасы, борттук журнал методу, ошондой эле түшүнүүнүн жаңылыштыгын текшерүү деп аталган калыптандыруучу баалоо техникасы колдонулду.

Мындан тышкары, LearningApps, Plickers, Flippity сыяктуу интерактивдүү тиркемелер пайдаланылып, жеке, жуптук жана группалык иш формалары уюштурулду. Сабактын жүрүшүндө студенттердин активдүүлүгүн арттырууга, терең түшүнүк калыптандырууга жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган методикалык ыкмалар ийгиликтүү интеграцияланды.