1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

1

Магистранттар башкаруучулук практикасына жөнөтүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, Ммаг-1-24 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 14-апрелинен 26-апрелине чейин башкаруучулук практикадан өтүшөт. Бул максатта атайын конференция уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө магистердик программалардын алкагында практиканын уюштурулушуна жооптуу ага окутуучу М. Н. Нурматова башкаруучулук практиканын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди. Ал магистранттардын практиканы натыйжалуу өтөөсүнө көмөктөшүүчү жол картасы менен тааныштырды. Мындан тышкары, практика учурунда аткарылган иш-аракеттерди башкаруучулук практика үчүн атайын иштелип чыккан күндөлүккө туура жана так киргизүү тартиби боюнча, ошондой эле магистранттын жекече иш планы менен практикадан өткөндүгүн тастыктаган күбөлүгүнүн максаты, мааниси жана алар менен иш алып баруу жолдору тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.