1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

Педагогикалык факультетте компетенттүүлүккө негизделген окутуу боюнча усулдук семинар өттү

2025-жылдын апрель айы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде усулдук ай катары жарыяланган. Бул алкакта 8-апрелде факультеттин профессордук-окутуучулук курамы үчүн «Компетенттүүлүккө негизделген окутууну ишке ашыруу: методика жана практика» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу, ЖАМУнун жана факультеттин усулдук кеңештеринин мүчөсү М. Нурматова алып барды.

Семинардын максаты — жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына жана аккредитация талаптарына шайкеш келген методикалык түзүмдү талкуулоо жана компетенттүүлүккө негизделген билим берүүнүн негизги компоненттерин карап чыгуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуунун каражаттары, баалоо каражаттарынын фонду, тиешелүү дисциплиналарда калыптандырылуучу компетенциялар, ошондой эле когнитивдик, аффективдик жана психомотордук окутуу чөйрөлөрү боюнча маселелер талкууланды.