- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттары илимий-изилдөө практикасына жөнөтүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, Ммс-1-24 тайпасынын сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттары 2025-жылдын 7-апрелинен 3-майына чейин илимий-изилдөө практикасын өтөөгө жөнөтүлдү. Ушуга байланыштуу онлайн-конференция өткөрүлдү.
Конференцияда практиканы уюштурууга жооптуу ага окутуучу М.Н. Нурматова магистердик программалардын алкагындагы практиканын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берип, анын натыйжалуу өтүшүнө көмөктөшчү жол картасы менен магистранттарды тааныштырды. Ошондой эле күндөлүккө жүргүзүлүүчү жазууларды туура жана так толтуруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Конференцияга магистранттардын илимий жетекчилери катышып, практика процессин жакшыртуу боюнча сунуштарын билдиришти.