- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАЛЫШЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары окуу процессинин графигине ылайык, башкаруу практикасын ийгиликтүү аякташты. Бул практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө магистранттар башкаруу практикасын өткөрүү үчүн иштелип чыккан "Жол картасына" ылайык, аткарган иш-аракеттерин баяндап, тиешелүү презентацияларды сунушташты.
Ар бир магистрант практика өтөгөн билим берүү мекемесинин башкаруу системасы жана ишмердүүлүгү боюнча талдоо жүргүзүп, өз байкоолору менен бөлүштү. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин ар кандай параметрлер боюнча көрсөткүчтөрүн (мисалы, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы, олимпиадаларга жана АКМОго катышуу, "Жыл мугалими" сыяктуу иш-чараларга катышуу) талдап, диаграммалар жана таблицалар негизинде талкуу жүргүзүштү.
Магистранттар башкаруу практикасынын алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана окуу программасын өздөштүрүүсүнө тийгизген таасирин талдап, жыйынтык чыгарышты. Бул талкуу магистранттар үчүн пайдалуу тажрыйба болду жана конференция өз максатына жетти.