- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Иш берүүчүлөр менен иш ордунда жолугушуу
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унвиерситетинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова, улуу окутуучу Ш.К.Биримкулов, улуу окутуучу М.Н.Нурматова 2025-жылдын 30-январында иш берүүчүлөр менен иш ордунда жолугушууга барышты.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жалилов Сыргак Тажибаевич менен иш ордунда алдын-ала мектептерде адистердин жетишсиздигин аныктап алып, бюджеттик орундарды тактоо менен бирге, райондогу мектептерде математика профили боюнча орус тилдүү мугалимдердин жетишсиздиги орус тилдүү математиктерди даярдоо муктаждыгы, окуучуларга кесипке багыттоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча баарлашуу жүргүзүлдү.
Базар-Коргон шаарындагы №30 Өлмаскан Атабекова атындагы мектептин директору Ергешева Гульнара Турдалиевна, Ж.Бөкөнбаев атындагы интернат-мектептин директору Ибраимов Илманбек Турсуналиевич менен жолугушуп, окуучуларды кесипке багыттоо иш-аракеттери, орус тилдүү мугалимдер негизги суроо-талап экендигин баса белгилешип.
Мындай иш-чаралар мектептердин жождор менен байланыштарын чыңдай тургандыгын иш берүүчүлөр баса белгилешти.