1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

118

1

Кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унвиерситетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова, улуу окутуучу Ш.К.Биримкулов, улуу окутуучу М.Н.Нурматова Базар-Коргон районунун мектептеринин 11-класстарынын окуучуларына кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти.

Базар-Коргон шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы интернат-мектебинин, №30 Өлмаскан Атабекова атындагы мектептин, Базар-Коргон районунун №9 Ж.Асанов атындагы мектептин окуучулары менен жолугушуп, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы даярдап жаткан квалификацияга ээ болгон болочок адистин коомдогу орду, жумуш менен камсыз болушу, учурда окуу процессинде жетишип жаткан ийгиликтери жөнүндө түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү, кызуу баарлашуу орун алды.

Окуучуларга ЖАМУда 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын «Математика» профилин даярдоо боюнча документ тапшыруудан баштап, ээ болгон квалификациясына чейин бардык маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген буклет таратылып берилди.