1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

186

Квалификациялык жумуш алдындагы практика 

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасындагы 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багытынын, маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары профилинин ИЭТ-1-20 тайпасына квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С., башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы доцент С.М.Ажыкулов,  практика жетекчилери Н.Т.Нарматова, Ш.Т.Коңурова, Р.Р.Шеркулов жана ИЭТ-1-20 тайпасынын студенттери катышышты.

Студенттер квалификациялык жумуш алдындагы практикасын  Жалал-Абад шаарындагы башкармалыктарга, мекемелерге  практикасын өтөп келишти.

Студенттердин квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчёттору квалификациялык жумуш алдындагы практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “5” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер квалификациялык жумуш алдындагы практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнө керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды онлайн жана офлайн түрүндө байма- бай алып тургандарын жана теориядан алган билимдерин практика менен айкалыштыра алгандыктарын билдиришти.