- Институттар
- Агрардык-техникалык институту
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
Заведующий кафедрой,кандидат педагогических наук
Телефон:
Email:
s_ajykulov@mail.ruТуулган күн:
November 27, 1983
Каттоодон өтүү:
06.10.2023
Акыркы кириш:
2 года назад
Резюме:
Жүктөп алуу РезюмеБилим берүү программасы тууралуу маалымат
| Катар № | ББП аталышы | Профили | Квалификациясы | Окуу мөөнөтү |
| 1 | 710100 Информатика жана эсептөө техникасы | Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары | Бакалавр | 4 жыл |
| 2 | 710100 Информатика жана эсептөө техникасы | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системалардыпрограммалык камсыздоо | Бакалавр | 4 жыл |
| 3 | 570400 Дизайн | Графикалык дизайн | Бакалавр | 4 года |
| 4 | 710100 Информатика жана эсептөө техникасы | Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары | Магистратура | 2 жыл., 2 жыл 6 ай |
Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын тарыхы
Кафедра 29.05.1994-жылы №6-буйруктун негизинде ачылып,2000-жылы “Башкаруунун автоматташтырылган системалары” кафедрасы болуп түзүлгөн.
Кафедра алгач Информатика ачылган күндөн баштап 2001-жылга чейин т.и.д., профессор К.Ж. Усенов, 2001-2004-жылга чейин т.и.к., профессор Н.Ж.Жайлообаев, 2004-2005-жж. т.и.к.,доцент А.П.Алибаев, 2005-2007-жж. т.и.к.,доцент А.К.Акматов, 2007-2009-жж. А.М.Термечикова, 2009-2016-жж. ф.-м.и.к., доцент З.И.Иманкулов, 2016-жылы май-сентябрь т.и.к., доцент З.А.Асилова, 2016-жылдын сентябрынан баштап ф.-м.и.к., доцент В.Т.Мураталиева жетектеген. 2019-жылдын 22-февралынан баштап (ректордун 1/117, 22-февралдагы буйругунун негизинде) педагогика илимдериинин кандидаты, доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович иштеп жатат.
Билим берүү ишмердүүлүгү:
Бүгүнкү күндө кафедра Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрдын №1179/1 буйругуна ылайык «Жогорку кесиптик билим берүүнүн балавр адистиги боюнча мамлекеттик Жогорку кесиптик билим берүүнүн балавр адистиги боюнча бекитилген»;
Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүүнүн стандартынын 710100 - Информатика жана эсептөө техникасы багыты, «Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» профили боюнча бакалавр жана магистр, «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» профили боюнча бакалавр, 570400-Дизайн багытында “Графикалык дизайн” профили боюнча бакалавр адистиктерин даярдоодо. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрдын №1179/1 буйругунун негизинде бекитилген жана эмгек рыноктун керектөөсүн жана башка кызыкдардын талабын эске алуу менен Бүтүрүүчүнүн компетенттик модели, окутуунун күтүлүүчү жыйынтыгы ачык белгиленген жана окутуунун толук максаттары аныкталган Негизги билим берүү программасы иштелип чыгарылды.
Кафедра окуу дисциплиналарын жүргүзүү процессин камсыздайт
· ЭЭМдин архитектурасы
· Маалыматтар базасы
· Кесиптик ишмердүүлүктөгү санариптик технологиялар: жасалма интеллект (AI) жана робототехника
· Негиздери – Интернет технологиялары
· Жасалма интеллект системалары
· компьютер жана системалар архитектурасы
· Маалыматтар базасын башкаруу системасы
· Электроника,электротехника жана схематехника
· Маалымат системаларын иштеп чыгуу жана долборлоо
· ЭЭМ жана перифериялык түзүлүштөр
· Операционндук системалар
· Клиент-сервердик тиркемелерди иштеп чыгуу
· Тармактар жана телекоммуникация
· Фронтенд иштеп чыгуу
· Бекенд иштеп чыгуу
· Автоматташтыруунун сандык методдорунун негиздери
· Маалымат технологиялары
· Метрология, стандартташтыруу жана тастыктоо
· Санариптик жана микропроцессордук техника
· Web тиркемелеринин негиздерин долборлоо
· Башкаруу теориясынын негиздери
· Адам-машина интерфейсин долбоорлоо
· Системаларды математикалык моделдөө
· Колдонмону визуалдык иштеп чыгуу куралдары
· Реалдуу убакыт системалары
· ЭЭМдин программалык-аппараттык каражаттары
· Функционалдык жана логикалык программалоо
· Алгоритмдик тилдер жана программалоо
· Маалыматтар базалары жана автоматташтырылган маалыматтык системаларды куруунун негиздери
· Компьютердик графика жана 3D моделдөө
· Заманбап программалоо тили
· Сүрөт (студия)
· Жасалма интеллектке киришүү
· Үч өлчөмдүү интерьер дизайны
· Полиграфиялык дизайн
Борборлор, кабинеттер, лабораториялар
ЖАМУнун Агрардык-техникалык институнун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында билим алып жаткан студенттер үчүн сабактарды өтүүчү 8 кабинет бар. Кафедрада бир окуу-методикалык кабинет, эки лекциялык жана мультимедиалык кабинет, беш лабораториялык аудитория менен камсыздалган. Жана ошондой “3D моделдөө,робототехника жана мехатроника” илимий лабораториясы иштейт.
Кафедра төмөндөгүдөй курамдан турат:
Магистранттар үчүн профессордук-окутуучулук курамдын тизмеси
1. Усенов Кеңешбек Жумабекович, тех.и.д.,профессор
2. Нусупова Роза Сарыпбековна, п.и.к., доцент
3. Ажыкулов Сапарбек Мажитович, п.и.к.,доцент, кафедра башчы
4. Саитов Нурлан Жолдошевич, тех.и.к., доцент
5. Маматова Гульшаир Тыныбековна, тех.и.к., доцент
6. Такеева Анара Раимбердиевна, тех.и.к., доцент
Бакалавр үчүн профессордук-окутуучулук курамдын тизмеси
1. Ажыкулов Сапарбек Мажитович, п.и.к.,доцент, кафедра башчы
2. Нусупова Роза Сарыпбековна, п.и.к., доцент
3. Саитов Нурлан Жолдошевич, т.и.к., доцент
4. Батырова Ырыскан Мийзамовна, ага окутуучу
5. Термечикова Алтынкан Мамытовна, ага окутуучу
6. Нарматова Нургул Токталиевна, окутуучу
7. Шеркулов Рафаэль Рашидович, ага окутуучу
8. Нышанов Бакыт Михайлович, окутуучу
9. Коңурова Шарипа Тологоновна, окутуучу
10. Момбаев Алмазбек Сатарович, окутуучу
11. Омурзакова Жанаргуль Эргешевна, окутуучу
12. Маматкулова Бегимай Ильичбековна, үйрөнчүк-окутуучу
13. Тагайкулов Темирлан Азимбекович, үйрөнчүк-окутуучу
14. Усенов Бекназар Кайратбекович, үйрөнчүк-окутуучу, инженер-программист
15. Болотбекова Айнуска Орозбаевна, үйрөнчүк-окутуучу, лаборант
Окуу–методикалык колдонмолор
Кафедранын мүчөлөрү тарабынан кафедрага бекитилген дисциплиналар боюнча окуу, окуу-методикалык колдонмолор, силлабустар жана көргөзмө куралдар даярдалган. Лекция, лаборатория жана практика сабактардын жүрүшүндө темага ылайык ар түрдү көргөзмө куралдар (стенддер, таблицалар, компакт-дисктер, видеофильмдер, интерактивдүү доска ж.б.у.с.)колдонулат. Кафедранын лабораториялары керектүү жабдуулар менен жабдылган (ЖК,интерактивдүү доска,проекторлор, 3D принтер,сканер,жасалма акыл, 3D лазердик принтер,күчтүү компьютерлер ж.б.) “Башкаруунун автоматташтырылган системасы” кафедрасы бардык дисциплиналар боюнча окуу китептери, окуу колдонмолору, журналдар жана учурдагы мезгил талабына ылайык басылмаларменен камсыз болгон.
Педагогикалык жамааттын илимий-изилдөө иштери
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий иштер менен алектенет. Натыйжалар улуттук жана эл аралык илимий журналдарда жарыяланган. Мындан тышкары, кафедра Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган гранттык каржылоо сынактарына активдүү катышкан. Изилдөөнүн темасы “Мал-жан санак”. Каржылоо суммасы үч жылга 770 000 сомду түзгөн. Долбоордун жетекчиси педагогика илимдеринин кандидаты, доцент С.М. Ажыкулов, БАС уафедрасынын улук окутуучусу Р.Р. Шеркулов жана ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти А.К. Арзибекова менен биргеликте ишке ашырылды.
Кафедранын негизги илимий басылмалары:
· Ажыкулов Сапарбек Мажитович., “Perceived Organizational Support and Job Burnout with the Mediating Mechanism of Self-Esteem” International Journal of Educational Management 2025
· Ажыкулов Сапарбек Мажитович., Санариптештирүү доорундагы Педагог: билим берүү чөйрөсү анын кесиптик өнүгүүсүнүн фактору катары. Коомду туруктуу өнүктүрүү маселелери. РФ., Махачкала
· Ажыкулов Сапарбек Мажитович., Тарбиячынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу: заманбап маалыматтыкпедагогикалык технологиялар. Коомду туруктуу өнүктүрүү маселелери. РФ., Махачкала
· Ажыкулов Сапарбек Мажитович., Келечектеги педагогикалык кызматкерлердин маалыматтыксанариптик компетенттүүлүгү. "Педагогика жана психология дүйнөсү" журналы.РФ, Нижний Новгород
· Ажыкулов Сапарбек Мажитович., Болочок мугалимдерге санариптештирүүнү жайылтууда маалыматтык маданиятын калыптандыруу актуалдуу багыт катары. Известия вузов Кыргызстан №2,2025. Б.183-187
· Батырова Ырыскан Мыйзамовна., Болочоктогу мугалимдерди даярдоодо инстументалдык компетенцияларды өнүктүрүүнүн жолдору. Известия вузов Кыргызстан №2,2025. Б.188-191
· Батырова Ырыскан Мыйзамовна., Тренинг: педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн кынтыксыздоо. Кыргызстандын ЖОЖдорунун жаңылыктары, №2, Бишкек, 2022-жыл
· Батырова Ырыскан Мыйзамовна., Т. Сияев, Ш.С. Алинбекова, А.А. Кожогелдиева., Педагогдун компетенцияларын калыптоонун багыттар. Кыргызстандын ЖОЖдорунун жаңылыктары, №8, Бишкек, 2022-жыл
· Батырова Ырыскан Мыйзамовна., Инстументалдык компетенцияларды өнүктүрүүдө маалыматтык- коммуникациялык технологиялардын колу жана мүмкүнчүлүктөрү. Известия вузов Кыргызстан №2,2025. б.192-197
· Шеркулов Рафаэль Рашидович., В.Т. Мураталиева. Проектирование принципа организации абонентского доступа к интернету города Жалал-абад. XVIII International Multidisciplinary Conference «Innovations and Tendencies of State-of-Art Science». Mijnbestselle Nederland, Rotterdam, Nederland.
· Шеркулов Рафаэль Рашидович., Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү үй тармактарынын топологиясы. ИИМСИ ЖАРЧЫСЫ илимиймаалыматтык журналы УДК: 004+004.732
· Шеркулов Рафаэль Рашидович., Роль IT технологий в ветеринарии: цифровизация сельского хозяйства. Известия вузов Кыргызстан №2,2025
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., Маалыматтыккоммуникациялык каражаттардын окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүүдөгү орду. Кыргызстандын ЖОЖдорунун жаңылыктары, №1, Бишкек,
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., Окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүү көйгөйлөрүнүн теориялык жана педагогикалык адабияттарда берилиши. Кыргызстандын ЖОЖдорунун жаңылыктары, №1, Бишкек.
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., ФОРМИРОВАНИЕ ЦИФРОВЫХ КОМПЕТЕНЦИЙ БУДУЩИХ УЧИТЕЛЕЙ. В сборнике: Информатизация образования и методика электронного обучения: цифровые технологии в образовании. Материалы IX Международной научной конференции. В 4-х частях. Красноярск, 2025. С. 443-447.
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАР: АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ. Известия ВУЗов Кыргызстана. 2025. № 2. С. 234-238.
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ИННОВАЦИЯЛЫК ОКУТУУ: МААЛЫМАТТЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ЭВРИСТИКАЛЫК ЫКМА. Известия ВУЗов Кыргызстана. 2025. № 2. С. 252-257.
· Термечикова Алтынкан Мамытовна., КЫРГЫЗСТАНДА STEM БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ИШКЕ АШЫРУУ: АБАЛЫ, КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. 2025. Т. 1. № 2 (26). С. 199-204.
· Нусупова Роза Сарыпбековна., Жогорку окуу жайларында болочок адистерди кесипке даярдоонун маселелери. ЖАМУнун Жарчысы
· Нусупова Роза Сарыпбековна., ЖОЖдо студенттердин (бакалавр) кесиптик компетенттүүлүктөр үн калыптыруунун педагогикалык шарттары. Кыргызстандагы жаңы технологиялар жана инновациялар илими
· Нусупова Роза Сарыпбековна., Кесиптик компетенттүүлүктөр дү калыптандыруунун теориялык негиздери. К.Ш.Токтомамат ов атындагы ЭАУнун Жарчысы
Илимий изилдөө иштери (НИР, НИРС)
Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын илимий-изилдөө иштери түзүлгөн жана бекитилген иш планына ылайык жүргүзүлөт.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жыл сайын ЖАМУнун илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, республикалык, аймактар аралык жана илимий-практикалык конференцияларда баяндамаларды жасап келет. Илимий макалалар жыл сайын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө басылып турат. Профессордук курамдын жетекчилиги астында Информатика жана эсептөө техникасы профилинин студенттери жана магистранттары ЖАМУнун жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын илимий-изилдөө иштерине катышышат. Жыл сайын ЖАМУда студенттердин илимий-практикалык конференциялары, илимий семинарлары өтүп турат. Студенттер конференцияларга активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушат. Студенттердин макалалары ЖАМУнун «Илим жана студент» журналында жарыяланган.
Кафедранын коомдук-маданий ишмердүүлүгү
Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери институттун, университеттин жана шаардык деңгээлдеги коомдук-маданий иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып, жигердүү жарандык позициясын көрсөтүп келишет.
Кафедранын студенттери шаарда жана университетте уюштурулган ишембиликтерге дайыма жоопкерчилик менен катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү иштерине өз салымын кошуп келишет.
Социалдык жоопкерчилик кафедранын ишмердүүлүгүндө өзгөчө оорунду ээлейт. Жыл сайын окутуучулар менен студенттердин демилгеси аркылуу кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулуп келет. Атап айтканда, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы балдар үйүнө барып, балдар үчүн оюнчуктар, азык-түлүк, окуу китептери жана керектүү канцелярдык буюмдар тапшырылат. Ошондой эле студенттик жамаат тарабынан даярдалган куттуктоо сөздөрү жана концерттик программа тартууланат.
Мындан тышкары, 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата кафедранын окутуучулары жана студенттери карылар үйүнө барып, кайрымдуулук миссиясын аткарышат. Иш-чаранын алкагында карылар үчүн маданий-концерттик программа уюштурулуп, майрамдык дасторкон жайылат.
Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында билим алып жаткан студенттер майрамдык иш-чараларды уюштурууда ар дайым демилгелүү болуп келишет. Алар ар түрдүү майрамдарга карата куттуктоо кечелерин өткөрүп, студенттик жашоонун маданий мазмунун байытып турушат. Кафедранын студенттери Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган ректордук балга жигердүү катышып, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле ЖАМУнун карамагындагы бөбөктөр үчүн өткөрүлгөн жаңы жылдык балаты иш-чараларында концерттик программалар менен чыгып, майрамдык маанай тартуулашат.
2024-жылдын декабрь айында кафедрада «Адабият жумалыгы» уюштурулуп, анын алкагында Манас күнүнө жана 12-декабрь — Адабият күнүнө арналган маданий-агартуу иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын жүрүшүндө кыргыз адабиятынын залкар өкүлдөрү Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кечелери уюштурулду. Аталган иш-чараларга кафедранын студенттери активдүү катышып, факультеттик деңгээлде өткөрүлгөн конкурстарда өз билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгында мыкты жыйынтык көрсөткөн студенттер байгелүү орундарга ээ болуп, сыйлыктар менен сыйланышты.
Ошондой эле кафедрада жыл сайын «Робототехника жана программалоо» багыттары боюнча тайпалар аралык конкурстар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Аталган иш-чаралар студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга шарт түзүп, алардын чыгармачылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Конкурстун жүрүшүндө студенттер өз долбоорлорун сунуштап, программалоо жана робототехника жаатындагы чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Жыйынтыгында мыкты жыйынтык көрсөткөн катышуучулар байгелүү орундарга ээ болуп, сыйлыктар менен сыйланышат.
Эл аралы кызматташтыгы
1. КР Улуттук илимдер академиясы, Бишкек ш.
2. Россия илимдер академиясынын Сибир бөлүмү , Новосибирск ш.
3. Кыргыз-Орус-Славян университети, Бишкек ш.
4. Политехникалык университет, Россия, Нижний Новгород ш.
5. М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университет,Ташкент ш.
6. И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университет,Бишкек ш.
7. Кыргыз Мамлекеттик курулуш жана транспорт университети, Бишкек ш.
8. Ош мамлекеттик университет, Ош ш.
9. Ош мамлекеттик техникалык университет, Ош ш.
Информатика жана эсептөө техникасы жана Дизайн багыттарындагы окуган студенттер тажрыйба жана усул алмашуу максатында түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын өзү каалаган ЖОЖдо жарым жыл (1 семестр) билим алып кайтып келгенге укуктуу.