- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
12-апрелде болуп өткөн ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата уюштурулган "StudExpo - 2024” эл аралык студенттердин эмгек жарманкеси жыйынтыкталды.
Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулган иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандагы 16 жогорку окуу жайда билим алышкан студенттердин 150дөн ашуун долбоорлору катышты.
3D моделдештирүү жана моушн анимация секциясында ОшМУнун студенти Абдурахман Ураимов 3-орунду, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин БАС кафедрасынын ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Канайым Атакелдиева 2-орунду, ОшМУнун студенти Бакыт уулу Сардалбек 1-орунду ээледи.
Иш-чара ОшМУ 85 жылдык тарыхын жайылтуу, окуу жай тууралуу коомчулукка маалымат берүү, студенттердин билиминин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, студенттик демилгелерди колдоо үчүн коомдук жана мамлекеттик ресурстарды топтогон аянтчаны уюштуруу, студенттердин эмгектерин коомчулукка алып чыгуу жана жайылтуу максатында уюштурулду.