1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

6

"Эне  тили болбосо, аты аталбайт улуттун» темасында тегерек стол өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты. Тегерек столдун негизги максаты – мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жана маанисин даңазалоо, кыргыз тилине болгон урмат-сыйды арттыруу, ошондой эле жаштарды эне тилин барктоого жана аны өнүктүрүүгө үндөө болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ПОВТАС-2-24 тайпасынын студенти Кебекова Эленура «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» темасында презентация тартуулап, мамлекеттик тилдин улуттук баалуулуктарды, тарыхты, маданиятты жана руханий мурастарды сактоодогу мааниси тууралуу баяндама жасады.

Тегерек столдун катышуучулары кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү орду, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты. Ошондой эле жаш муундун эне тилине болгон жоопкерчилигин жогорулатуу, кыргыз тилин күнүмдүк турмушта, билим берүүдө жана кесиптик чөйрөдө кеңири колдонуу боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда катышуучулар эне тил – улуттун тарыхын, маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактап турган негизги баалуулуктардын бири экендигин белгилешти. Өткөрүлгөн тегерек стол студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун жана урмат-сыйын арттырууга, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.