1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

5

"Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чараны БАС кафедрасынын үйрөнчүк окутуучусу Маматкулова Бегимай  уюштурду.

Тегерек столго БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, кафедранын студенттери катышты. Жыйындын жүрүшүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун негизги багыттары, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, аларды заманбап билим берүү процесси менен айкалыштыруу маселелери талкууланды.

Катышуучулар улуттук нарк-насилди, маданий жана руханий баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү, студенттердин мекенчилдик сезимин жана жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда билим берүү мекемелеринин ролу тууралуу пикирлерин билдиришти. Ошондой эле кафедранын окуу-тарбия иштеринде аталган багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылып, өз ара пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Тегерек стол мазмундуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар үчүн тажрыйба жана пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды даңазалоого, аларды билим берүү менен айкалыштырууга жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.