1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

233

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТУН КАБЫЛ АЛУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ  

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасындагы 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багытынын, маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары профилинин ИЭТ-1-20,    тайпасына өндүрүштүк практикасынын отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С., башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы доцент С.М.Ажыкулов,  практика жетекчилери  Ы.М.Батырова, Н.Т.Нарматова, Ш.Т.Коңурова, Р.Р.Шеркулов жана ИЭТ-1-20,  тайпасынын студенттери катышышты.

Студенттер өндүрүштүк практикасын Ноокен, Сузак районундагы жана Жалал-Абад, Базар-Коргон, шаарындагы башкармалыктарга, мекемелерге  практикаларын өтөп келишти.

Студенттердин өндүрүштүк практикасынын отчёттору квалификациялык жумуш алдындагы практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “эң жакшы” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер өндүрүштүк практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнө керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды онлайн жана офлайн түрүндө байма- бай алып тургандарын жана теориядан алган билимдерин практика менен айкалыштыра алгандыктарын билдиришти.