- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
Информатика жана эсептөө техникасы багытынын ИЭТ-1-20 тайпасынын студенттери үчүн пландаштырылган квалификациялык иш алдындагы практикасын уюштуруу конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан практиканын тапшырмалары, максаты, милдеттери жана жол карталары боюнча маалыматтар айтылды.
Квалификациялык иштин атайын бөлүмүндө аткарыла турган иштер боюнча дагы ар-бир студент өзүнүн жетекчиси менен биргеликте пландарды түзүп, тапшырмаларды алышты.
Ошол эле кезекте практика өтөөчү ишканалардагы ички тартип жана техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, техникалык коопсуздук журналына кол койдурулду.
Информатика жана эсептөө техникасы багытындагы студенттер квалификациялык иш алдындагы практикасын негизинен Жалал-Абад шаардык жана райондук мекемелерде, атайын IT мектептерде өтөшөт.