1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

88

1

ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ 

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасындагы 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багытынын, маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары профилинин ИЭТ-1-21  тайпасынын өндүрүштүк практикасынын  алдындагы конференцияcы болуп өттү.

Бул конференцияга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошалиева Н.С., башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы доцент С.М.Ажыкулов,  практика жетекчилери Н.Т.Нарматова, Ы.М.Батырова, Ш.Т.Коңурова, Р.Р.Шеркулов жана ИЭТ-1-21  тайпасынын студенттери катышышты. БАС кафедрасынын практика боюнча жооптуу, окутуучу Коңурова Шарипа  практика боюнча жалпы маалыматтарды берип,  слайд аркылуу практиканын максаты, милдети, компетенциясы, студенттер үчүн жол картасын көрсөтүп кетти.  

Иш чарада студенттердин колдоруна жол карталар таратылып, техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүлүп, практикада аткарылуучу иштери боюнча кенен маалыматтар жеткирилди. 

 Студенттер өндүрүштүк практикасын Ноокен, Сузак райондоруна жана Жалал-Абад, Базар-Коргон, шаарындагы башкармалыктарга, мекемелерге  практикаларын өтөөгө жол алышты.