1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

129

ЖАМУ менен ОшМУ окутуучуларынын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты

2025-жылдын 28-октябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасы жана Ош мамлекеттик университетинин Математика, Физика, Техника жана Маалыматтык Технологиялар институтунун ИСП кафедрасы менен биргеликте илимий айдын алкагында, университеттер арасындагы ички мобилдүүлүктүн негизинде өз ара тажрыйба алмашуу иш-чарасын уюштурушту.

Бул иш-чаранын алкагында ОшМУдан тогуз окутуучу келип, БАС кафедрасынын студенттери үчүн практикалык жана теориялык сабактарды өткөрүштү. Ар бир конок окутуучу өз тармагындагы актуалдуу темалар боюнча лекцияларды жана мастер-класстарды уюштуруп, студенттердин билим деңгээлин тереңдетүүгө жана алардын илимий кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүштү.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары ОшМУнун ИСП кафедрасынын башчысы, доцент Токторбаев Айбек магистранттар жана окутуучулар үчүн «LaTeX башка тексттик редакторлордон айырмасы» аттуу конок лекциясын өткөрдү. Лекцияда илимий иштерди форматтоонун заманбап ыкмалары, LaTeX системасынын артыкчылыктары жана колдонуу тажрыйбалары тууралуу баалуу маалыматтар берилди.

Бул маанилүү иш-чара БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Сапарбек Мажитович Ажыкуловдун демилгеси жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын активдүү уюштуруусу менен ийгиликтүү өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана студенттик мобилдүүлүктү кеңейтүү тууралуу макулдашышты.