1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

136

Студенттер менен жолугушуу: Коомдук тартип жана укуктук сабаттуулук

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтунун “Башкаруунун автоматташтырылган системасы” кафедрасында Жалал-Абад ШИИБнүн ККК МАЫӨү милициянын улук лейтенанты Бектемиров Эрнис Эркинбекович студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Бул жыйында БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М.Ажыкулов жана профессордук-окуутучулук курам катышты. Жыйындын жүрүшүндө улук лейтенант Бектемиров жаштар арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана интернеттеги коопсуздук маселелери боюнча кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле студенттерди мыйзамды урматтоого, жоопкерчиликтүү болууга жана коомго пайдалуу жаран болууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, милиция кызматкерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул жолугушуу жаштардын укуктук маданиятын калыптандырууда жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойноду.