1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

130

БАС кафедрасынын башчысы С.М. Ажыкулов ОшТУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент С.М. Ажыкулов 2025-жылдын 10-октябрь күнү М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

Бул конференция Ош облусунун Кара-Суу районунун 90 жылдыгына жана физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Билим берүүнүн мыктысы Сатыбаев Абдуганы Джунусовичтин 70 жылдык мааракесине арналган.

Иш-чаранын темасы — «Илим жана өнөр жайдагы жасалма интеллект жана көйгөйлөр: энергетика, транспорт, курулуш, ІТ, экология жана экономика» болуп, ага өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана тармактык адистер катышышты.

БАС кафедрасынын башчысы С.М. Ажыкулов бул эл аралык илимий жыйынга «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин атынан барып, конференциянын пленардык жана секциялык жыйындарында активдүү катышып, кесиптештер менен илимий пикир алмашты.

Иш-чара илимий кызматташтыкты бекемдөөгө, билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого жана жасалма интеллекттин заманбап колдонмолорун талкуулоого чоң өбөлгө түздү.