1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

145

Модулдун жобосу тууралуу жыйын

Академиялык саясат департаментинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна студенттер менен жолугушуу өткөрүп, учурдагы модулдук окуу системасынын жобосу боюнча кеңири маалымат берди. Жолугушуунун негизги максаты — студенттерди жаңы кабыл алынган эрежелер, окуу процессиндеги жаңылануулар жана баалоо системасындагы өзгөрүүлөр менен тааныштыруу болду.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Бариса Майлыевна модулдук системанын негизги максаттары — студенттердин өз алдынча билим алуу жөндөмүн өнүктүрүү, сабакка катышууну жана аралыктан баалоону жакшыртуу, ошондой эле жыйынтыктык баанын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Жолугушуу интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык жагдайлар боюнча түшүндүрмөлөр алышты. Талкуунун жүрүшүндө окутуучулар жаңы модулдук жобонун артыкчылыктары, анын окуу сапатына тийгизген таасири жана студенттер үчүн коюлган талаптар тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Жыйындын соңунда катышуучулар академиялык саясат департаментинин демилгесин жогору баалап, мындай маалыматтык жолугушуулар студенттердин окуу процессине болгон жоопкерчилигин арттырып, жогорку билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун баса белгилешти.