- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранттары башкаруу практикасынын отчетун ийгиликтүү коргоп чыгышты

2025-жылдын 14-май күнү БАС кафедрасында окуп жаткан ИЭТмаг-1-24 тайпасынын магистранттары башкаруу практикасынын жыйынтыгын камтыган отчетторун ийгиликтүү тапшырышты. Отчеттор БАС кафедрасынын окутуучулары тарабынан текшерилип, магистранттар практика учурунда топтогон билимдерин жана тажрыйбаларын толук кандуу чагылдыра алышты.
Ар бир магистрант өзүнүн практикасынын багытын, аткарган иштерин жана жетишкен жыйынтыктарын презентация түрүндө сунуштап, талкууга катышты. Окутуучулар тарабынан практикалык көндүмдөрдүн өздөштүрүлүшү жана аналитикалык жөндөмдөр жогору бааланды.
Бул этап магистрдик программанын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана студенттердин кесиптик даярдыгына чоң таасир тийгизет. Кафедра магистранттарды ийгилиги менен куттуктап, алдыдагы илимий жана кесиптик жолуна ийгилик каалайт.