1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

43

1

ИЭТс-1-20 тайпасынын студенттери квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргоого даяр

2025-жылдын 28-май күнү ИЭТс-1-20 тайпасынын бүтүрүүчү студенттери өздөрүнүн квалификациялык иштерин текшертип, кафедра башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов С.М. тарабынан кол коюлуп жана уруксат алуу процессинен ийгиликтүү өтүштү. Бул күн студенттер үчүн жоопкерчиликтүү жана маанилүү баскыч болуп саналат, анткени алардын дипломдук иштерин жактоо этаптарына расмий түрдө уруксат берилди.

Квалификациялык иштердин мазмуну, актуалдуулугу жана аткарылышы кафедра башчысы тарабынан кылдаттык менен каралып, тиешелүү сунуштар жана багыттар берилди. Студенттердин ар биринин ишине өзүнчө көңүл бурулуп, темалардын практикалык жана илимий мааниси белгиленди.

Кафедра башчысы студенттерге жоопкерчиликтүү мамилеси жана аткарган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мамлекеттик аттестацияда ийгилик каалады.

Бул кадам ИЭТс-1-20 тайпасы үчүн бүтүрүү процессиндеги маанилүү белес болуп, алардын кесиптик өсүүсүнүн жана билим берүү жолунун жыйынтыгын чагылдырды.

БАС кафедрасы студенттерине мындан аркы жолунда ийгилик жана чыгармачылык табыштамаларды каалайт!