1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

Келечектин адистери: БАС кафедрасында жыйынтыктоочу практика конференциясы

2025-жылдын БАС кафедрасында ИЭТс-1-20 тайпасынын студенттеринин квалификациялык жумуш алдындагы практиканын жыйынтыгы боюнча конференция болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин өндүрүштүк практика учурунда алган тажрыйбаларын угуп, алардын кесиптик даярдыгын баалоо болду.

Конференцияда ар бир студент өзүнүн практикалык ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын көрсөтүп, презентация аркылуу практика учурунда аткарган жумуштарын сунуштады. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин даярдык деңгээлин, маалыматтарды жеткирүү жөндөмүн жана өз кесибине болгон мамилесин эске алуу менен ар биринин отчетун баалашты.

Жыйынтыгында, тайпадан эки студент өзгөчөлөнүп, "5" деген жогорку баага татыктуу деп табылды. Калган студенттер "4" деген жакшы баа менен бааланды. Бул студенттердин жоопкерчиликтүү мамилеси жана аракетчилдиги менен түшүндүрүлдү.

Конференция жылуу атмосферада өтүп, студенттер үчүн кесиптик жактан өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жаратты. БАС кафедрасы жыйынтыктоочу конференциялардын студенттердин ишмердүүлүгүн талдоодо жана кесиптик өсүүсүнө өбөлгө түзүүдөгү маанисин өзгөчө белгиледи.