1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

Алгачкы тажрыйба – келечектин пайдубалы

2025-жылдын 26-май күнү БАС кафедрасында ИЭТ-1-23 тайпасынын студенттери окуу-танышуу практикасынын жыйынтыгы боюнча отчеттук конференция өткөрүштү. Иш-чарага жалпысы 22 студент катышып, практиканын жүрүшүндө алган таасирлери жана байкоолору менен бөлүшүштү.

Конференцияга БАС кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ажыкулов С.М., ошондой эле практика жетекчилери катышып, студенттердин сунуштаган отчетторуна өз бааларын беришти. Алар студенттердин кызыгуусун, активдүүлүгүн жана өз алдынча жүргүзгөн байкоолорун жогору баалашты.

Окуу-танышуу практикасынын негизги максаты – студенттерди келечектеги кесиби менен жакындан тааныштыруу, билим берүү мекемелеринин түзүмү жана ишмердүүлүгү тууралуу баштапкы түшүнүк берүү болду. Студенттер практика учурунда көргөн жана үйрөнгөн нерселерин кыскача баяндап, өз ойлору менен бөлүшүп, суроолорго жооп беришти.

Бул иш-чара студенттер үчүн өздөрүн көрсөтүүгө, алган теориялык билимин практика менен айкалыштырууга жана келечектеги адистиги тууралуу кеңири түшүнүк алууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.