1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

"IT QUEST" интеллектуалдык оюну: билим, ышкын жана командалык рух

“Башкаруунун автоматташтырылган системасы” кафедрасында ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Атакелдиева Канайым тарабынан уюштурулган "IT QUEST" аттуу билим берүүчү интеллектуалдык оюн жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул иш-чара студенттердин логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн, командалык иштешүүсүн жана тармактык билимдерин өркүндөтүүгө багытталган. Интеллектуалдык оюнга беш команда катышып, ар бири өз билимдерин жана ышкындарын көрсөтүүгө аракет кылышты.

Оюн 5 этаптан туруп, ар бир этабы кафедранын бөлүмдөрүндө өзүнчө уюштурулду. Этаптар ар түрдүү аудиторияларда өткөрүлүп, логикалык тапшырмалар, IT-тематикалык суроолор жана чыгармачыл тапшырмалар камтылды. Ар бир этапта уюштуруу иштерине кафедранын ар тайпасынан 2ден студент жардамчы катары катышып, оюнду ийгиликтүү өткөрүүгө чоң салым кошушту.

Тандалган мыкты командалар төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:

  • 1-орун — ИЭТ-1-24 тайпасынын командасы
  • 2-орун — ИЭТ-1-22 тайпасынын командасы
  • 3-орун — ИЭТ-1-23 тайпасынын командасы

Мындан тышкары, ПОВТАС-1-24 жана ПОВТАС-2-24 тайпаларынын командалары оюнга активдүү катышканы үчүн “Мыкты катышуучу” наамындагы дипломдор менен сыйланышты.

“IT QUEST” студенттердин кызыгуусун арттырып, академиялык чөйрөдө достук мамилени жана демилгелүүлүктү бекемдеген маанилүү саамалык болуп калды. Кафедра мындай билим берүүчү оюндардын мындан ары да улантылышын колдойт жана студенттердин демилгелерине ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр.