- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
Кесиптик жолго ишенимдүү кадам: студенттер практиканы жыйынтыкташты

2025-жылдын 30-апрелинде ИЭТ-1-21 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуш алдындагы практика боюнча өздөрүнүн отчетторун кафедранын окутуучулар курамына тапшырып, практикалык даярдыктын жыйынтыгын чыгарышты.
Практика учурунда студенттер өз адистигине ылайык мекемелерде тажрыйба топтоп, теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ар бир студент практика өткөн жеринде күнүмдүк иш процесстерге аралашып, маалыматтарды чогултуу, программалык камсыздоолорду колдонуу, жана техникалык тапшырмаларды аткаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырды.
Отчет тапшыруу процессинде студенттер практика учурунда аткарылган иштер боюнча презентация жасашып, жетекчилер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Окутуучулар алардын аткарган жумуштарын, анализ жүргүзүү жөндөмүн жана адистикке болгон даярдыгын жогору баалашты.
Бул этап студенттер үчүн маанилүү тажрыйба болуп, алдыдагы квалификациялык жумушту жазууга жана коргоого бекем негиз түздү. “Башкаруунун автоматташтырылган системасы” кафедрасы студенттерге ийгилик каалап, аларга кесиптик жолунда жаңы бийиктиктерди багындырууну тилейт.