- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
Гипершилтемелер менен иштөө

2025-жылдын 14-апрелинде Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин "Башкаруунун автоматташтырылган системасы" кафедрасынын окутуучусу Конурова Ш.Т. ИЭТ-1-22 тайпасына “Гипершилтемелер менен иштөө” деген темада ачык сабак өттү.
Бул ачык сабак маалыматтык технология багытындагы сабактардын сапатын жогорулатуу, заманбап окуу ыкмаларын жайылтуу жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн өрчүтүү максатында уюштурулду. Сабакка кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ажыкулов С.М. жана "Башкаруунун автоматташтырылган системасы" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы толук курамда катышып, сабактын жүрүшүн көзөмөлдөп, талдоого алышты.
Сабак учурунда окутуучу Конурова Ш.Т. студенттерге гипершилтемелер тууралуу кеңири маалымат берип, алардын тармактык технологиядагы жана электрондук документтердеги ролу тууралуу баяндама жасады. Сабак теориялык бөлүм жана практикалык тапшырмалар менен коштолуп, студенттер гипершилтемелерди түзүү, аларды текстке, сүрөттөргө, документтерге жана веб-баракчаларга туташтыруу ыкмаларын өздөштүрүштү.
Сабактын соңунда кафедра башчысы жана кесиптеш окутуучулар тарабынан сабак жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленип, окутуучунун методикалык даярдыгына жана студенттердин активдүүлүгүнө оң баа берилди. Мындай ачык сабактар окутуунун сапатын арттырууга, жаңы билим берүү технологияларын жайылтууга жана студенттердин кесиптик багытын өнүктүрүүгө чоң көмөк көрсөтөт.