- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу

2025-жылдын апрель айында Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасынын окутуучулары жана студенттери үчүн дагы бир маанилүү иш-чара өттү. Бул жолу кафедра бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурду. Жолугушуунун максаты – бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу боюнча тажрыйбаларын угуу, иш берүүчүлөр менен түз байланышты орнотууга багытталган.
Иш-чарада кафедранын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн карьералык жолдору, ишке орношуу процессинин кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Алар санариптик технологиялар, автоматташтыруу, графикалык дизайн жана башка тармактарда иштеп жаткандыктарын белгилешип, студенттерге сунуштарын беришти. Иш берүүчүлөр болсо, билим берүү процесси менен иштөөнүн маанилүүлүгүн, жаңы адистерге болгон талаптарды жана жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты билдиришти.
Бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланыштар билим берүү процесси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жолугушууда практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү, жаңы билимдерди колдонуу жана ишке орношууда талап кылынган компетенцияларды жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду. Мындай жолугушуулар студенттердин ишке даярдыгын күчөтүп, аларды ишке орношууда ийгиликтерге жетелейт.
Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасы студенттеринин билим алуусун жана практика жүзүндө ишке даярдыгын жогорулатууга багытталган мындай иш-чараларды улантууну көздөйт. Жолугушуу кафедранын окутуучуларына да жаңы пикирлерди берип, бул багытта иш алып баруунун маанилүүлүгүн көрсөттү.