1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

1

Googleдиск сервиси менен иштөө

2025-жылдын 7-апрель күнү БАС кафедрасынын окутуучусу Батырова Ырыскан Мийзамовна ПМ-1-24 тайпасы үчүн «Google диск сервиси менен иштөө» темасында ачык сабак өткөрдү. Ачык саатка Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева. БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М.Ажыкулов жана БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Сабактын негизги максаты – студенттерге заманбап булуттуу технологиялар менен иштөөнү үйрөтүү жана маалыматтарды коопсуз сактоо, бөлүшүү, чогуу редактирлөө мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду.

Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер Google Диск платформасы аркылуу файлдарды жүктөө, папкаларды түзүү, документтер менен биргелешип иштөө жана аларды бөлүшүү сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Практикалык тапшырмалар аркылуу алынган теориялык билимдер бекемделип, ар бир студент активдүү катышуу менен өзүнүн деңгээлин көрсөтө алды.

Окутуучу Ы.М. Батырова материалды жөнөкөй жана түшүнүктүү формада жеткирип, студенттердин ар түрдүү суроолоруна жооп берип, практикалык колдоо көрсөттү. Сабактын жүрүшүндө студенттердин кызыгуусу жана жигердүүлүгү байкалып, бул ачык саат алар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болгондугу белгиленди.

Мындай сабактар студенттердин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча компетенциясын арттырып, аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Университетте санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуулар мындан ары да улантылмакчы.