1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

111

1

Өндүрүштүк практиканын отчетун кабыл алуу

2025-жылдын 4-апрель күнү БАС кафедрасынын 3-курстары үчүн Өндүрүштүк практиканын отчетун кабыл алуу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйында БАС кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент С.М.Ажыкулов, БАС кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы жана ИЭТ-1-22 тайпасынын студенттери катышты. Жыйында студенттер тарабынан жазылган отчеттор талкууланып, практика учурунда алынган тажрыйбалар жана жыйынтыктар тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын башында кафедра жетекчиси жана практика жетекчилери студенттерге отчетторду туура жазуу, маалыматтарды системалаштыруу жана практиканын негизги максаттарын так аныктоо боюнча маанилүү кеңештерди беришти. Ошондой эле, практиканын жүрүшүндө студенттердин аткарган иштеринин маанилүүлүгү жана анын теориялык билимдер менен байланышы жөнүндө кеңири айтылды. Жыйындын соңунда, студенттер өздөрүнүн отчетторун жана практикадагы иш-аракеттерин сунуштап, бир катар суроолорго жооп беришти. Ар бир студентке индивидуалдуу баа берилип, кийинки практикалык кадамдар боюнча сунуштар берилди.

Өндүрүштүк практика студенттер үчүн өзүнүн тажрыйбасын жана билимин текшерип, жумушка даяр экендигин көрсөтүүчү маанилүү этап болуп саналат. Университет мындан ары да студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң көңүл буруп, аларды ийгиликтүү карьерага даярдоону улантат.