1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

82

1

Google диск, Google документтер менен иштөө

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде апрель айы “Окуу-усулдук иштердеги традицияны жана инновацияны жайылтуу” айынын алкагында Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын окутуучусу Нарматова Нургүл Токталиевна ФМББ(М)-1-24 тайпасына “Google диск, Google документтер менен иштөө” деген темада ачык саат өткөрдү.

Ачык саатка Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева. Тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Г.А. Анарбаева жана БАС кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Сабактын негизги максаты – студенттерге бул кызматтарды натыйжалуу колдонуу жолдорун үйрөтүү жана санариптик мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болду. Сабак учурунда катышуучулар Google Диск аркылуу файлдарды сактоо жана бөлүшүү, Google Документтерде биргелешип иштөө сыяктуу негизги функцияларды практикалык түрдө үйрөнүштү. Окутуучу бул кызматтардын билим берүү процессиндеги артыкчылыктарына токтолуп, студенттерге пайдалуу кеңештерди берди. Сабактын жүрүшүндө  студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, жаңы билимдерди өздөштүрүштү.

Сабактын соңунда профессордук-окутуучулук курам сабактын мазмунуна жана өткөрүлүшүнө карата өз ой-пикирлерин билдиришти. Окутуучунун айрым түшүндүрмөлөрү тереңирээк болушу керектигин жана практикалык бөлүккө көбүрөөк убакыт бөлүү зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле, окутуу процессинде санариптик платформаларды пайдаланууну дагы да өркүндөтүү боюнча сунуштарын беришти.