- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
СТУДЕНТТИК СТАРТАП ПИЛОТТУК ПРОГРАММАСЫ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы БАС кафедрасынын ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Арзибекова Асия Калыбековна Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “студенттик стартап” пилоттук программасынын негизинде “Айыл чарба санариби “Мал-Жан-Санак” аталыштагы бизнес долбоору менен катышып, конкурска ат салышкан 1400 катышуучу студенттердин ичинен этаптык тандалуудан долбоору өттү жана гранттык негизде 770 миң сом бөлүнгөн. Комиссияда КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү онлайн жана оффлайн форматтарда катышышты.
Кошумчалай кетсек Арзибекова Асия 1-курсунан бери БАС кафедрасы тарабынан көрсөткөн багытынын негизинде жаңы идеялары менен бизнес инкубатор стартап-проектке катышып, 1-жылдан ашык аты аталган долбоордун үстүндө активдүү, талыкпай кызыгуу менен иштеп келет. Дуйнөгө өзгөчө көз караш менен караган жаркылдак кызыбыздан келечекте мындан да жакшы ийгиликтерди жаратышына ишенебиз.