- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Жаңылыктар
IT тармагы Кыргызстандын келечегин жараткан инновациялык күч
Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасында 21-ноябрь университеттик деңгээлде жарыяланган илимий айлыктын алкагында “IT тармагы Кыргызстандын келечегин жараткан инновациялык күч” аттуу илимий семинар өткөрүлдү.
Бул жолугушууда БАС кафедрасынын башычысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапар Мажитович, БАС кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты. Ар бир тайпадан студенттер: Атакелдиева Канайым , Осмонова Айжан, Жакыпбеков Амантур, Эрмекбаева Гулзат, Медерова Диана, Эргашева Муслима, Жылдызбекова Бегимай, Шайлыбаев Нуржигит IT тармагы, 3D модельдөө, робототехника, анимация жана WEB дизайн тууралуу баяндама, видео ролик, анимация, видео ролик жана башка өздөрү жасашкан эмгектерин презентациялашты. Жыйындын аягында БАС кафедрасынын башычысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапар Мажитович студенттердин жасаган эмгектерин жогору баалады жана окууларына ийгиликтерди каалап, семинар аякталды.