1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

39

1

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасында 12-ноябрь факультеттик деңгээлде жарыяланган илимий жумалыктын алкагында “Алгачкы советтик улуттук мамлекеттердин жаралышынын айрым жагдайлары”  аттуу илимий жыйын  өткөрүлдү.

Бул жолугушууда БАС кафедрасынын башычысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапар Мажитович, тарых кафедрасынын доценти, т.и.к., Авазов Эрнис Абдыманапович, БАС кафедрасынын окутуучулары жана  студенттери  катышты. Авазов Эрнис Абдыманапович студенттерге презентациянын жардамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жөнүндө толук маалымат берип өттү . Сөзүнүн аягында студенттер менен кызыктуу талкуу болуп,  студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, жаштар өзүнүн тарыхын унутпоого жана ата-бабаларын эскерип турууга  чакырды. Студенттер кызыккан суроолорун узатышты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун түзүлгөндүнө 100 жыл толгондугу баса белгиленип, бүгүнкү күндөгү эгемендүү мамлекетибиздин келечеги жөнүндө сөз болуп жыйын аякталды.